Экс-депутат Асия Сасыкбаева: "Аида Салянованы 8 сааттан бери кармап суракка алып жатышат"

Бүгүн мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова ИИМдин имаратында сурак берип жатат. Анын 8 сааттан бери кармалып турганын экс-депутат Асия Сасыкбаева тастыктап, SUPER.KG'ге буларды айтты.

"Аида Жеңишбековна 8 сааттан бери ИИМдин имаратында кармалууда. Анын үйүндө баласы бар. Суу же тамак берип жатышабы жокпу, белгисиз. Азыр жактоочу кирип чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Аны ошол Батукаев абактан бошотулган мезгилинде прокурор болуп иштеп турган адамдар менен беттештирип суракка алышкан экен. Ал эми ошол беттештирилген адамдар имараттан ээн-эркин эле чыгып кетишти. Жалгыз Салянова кармалып калды.

Менин пикиримде, ИИМдин Аида Салянованы кармашы элди азыркы уу-дуу кептерден алаксытуучу ыкма болуп жатат. Салянова кармалды деген маалымат кыйла эле дүң жаратуучу жаңылык да. Мындай жол менен азыркы ЖМКларда жазылып жаткан ар кандай маалыматтардан элди алаксыта туруу болуп жатат", - деди Сасыкбаева.

Бүгүн экс-прокурор Аида Салянова кармалганы айтылган. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча кайрадан ачылган иштин негизинде кармалган.

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу.
16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган.Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. 21-майда мурдагы вице-премьер министр Шамиль Атаханов да кармалып, 26-июнга чейин камакка алынган.
Экс-башпрокурор Аида Салянова кармалды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Adi010891
2019-06-03 23:49:46
Туура кылат. Батукаевди бошотуп атканда ойлонуш керек эле
+3
guli-1980
2019-06-04 00:18:14
уйдо жаш баласы бар деп эле жатып калдынарда тоок уурдаган боюнда болобу жаш баласы болобу камап эле атасынарго закон баарына бирдей болуш керек
+6
Tolkun555
2019-06-04 00:26:23
guli-1980,туура эле кылат.Убагында кыйла эле коп адамды камап Батукаевди чыгарып парламаеннте кыйла жанын жеген
+5
Tursunbaev2017
2019-06-04 00:45:45
убагында көбүн какшаткан,кайтар дүйнө
+1
Agayu
2019-06-04 01:00:20
Бийликтин дагы бир амалы деп ойлойм.Себеби Матраимовдун темасын жабыш керек унутулушу керек.А Атамбаевдин тактикасы ошондой .Депутаттык шайлоодо түрмөөдөн он террорист бошотуп элди алдаган.ЭкинчиДача Суудагы окуяга кайдагы Синий Китти ойлоп элдин көнүлүн башкага буруткан .С Жээнбеков да ошондой тактиканы жүргүзүп жатат .
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан