Бүгүн, 15-августта экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова ИИМдин Тергөө башкармалыгынан чыгып кетти. Ал тергөөчүлөр менен чыгып, унаага отуруп кеткенин жеринде жүргөн кабарчыбыз маалымдады.
21-июнда Биринчи Май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча экс-башкы прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ал ушул жылдын 3-июнунда кармалган.