Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында абанын булганышы нормадан жогору

Бүгүн, 5-августта саат 7:40ка карата Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында абанын булганышы нормадан жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 26 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 17). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Көк-Жар кичи району - 24 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 14).

Чыгыш-5 кичи району – 20 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 15).

Бөкөнбаев-Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилиши - 19 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 12).

Ак-Өргөө конушунда учурдагы көрсөткүч - 18 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 19).

"МувГрин" жаштар кыймылынын мындай маалыматтарын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги четке кагып келет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан