Премьер-министр Сапар Исаков Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевге Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунун абага күлдү жана катуу бөлүкчөлөрдү бөлүп чыгаруусун төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы кезде борбордун тургундары Бишкектеги абанын булгануусу боюнча сын билдирүүдө. Буга байланыштуу абалды өзгөртүү үчүн тийиштүү чараларды кабыл алуу зарыл.
Холдингдин маалыматына ылайык, "Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруу алкагында түтүн газдарын тазалоочу жаңы блоктор курулган. Тазалоо эки камералуу жана беш тазалоочу талаасы бар электрофильтрдин жардамы, ошондой эле өлкө боюнча аналогу жок түтүн газдарын күкүрттөн тазалоочу тутумдун эсебинен жүргүзүлөт. Мында түтүн газдарын катуу бөлүкчөлөрдөн 99 пайызга тазаласа, күкүрт кычкылынан 97 пайызга чейин тазалайт.
2017-жыл үчүн электрофильтрлердин пайдалуу коэффициентинин орточо көрсөткүчү кичи от казан агрегаттарында – 87 пайызга чейин (1961-1968-жылдары ишке киргизилген) жана чоң от казан агрегаттарында 93 пайызга чейин (1970-1989-жылдары ишке киргизилген) көрсөткүчтү түзгөн. Ошол эле учурда эски от казан агрегаттарында даярдоочу завод тарабынан түтүн газдарын күкүрттөн тазалоочу тутуму каралган эмес.
Айбек Калиев маалымдагандай, эски от казан агрегаттарынын абага бөлүп чыгаруусун төмөндөтүү үчүн тийиштүү иликтөөлөрдү жүргүзүү жана курулуш-монтаждоо иштерин өткөрүү менен түтүн газдарын кошумча тазалоо боюнча долбоор иштеп чыгуу зарыл.