Бишкекте 18 жаштагы айдоочу эки баласы менен жолдон өтүп бара жаткан аялды сүзүп, 6 жаштагы кыз окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-сентябрда саат 18:45 чамасында Ак-Босого жаңы конушунда белгисиз унаа Профессор Зима көчөсүндө бара жатып, Архитектурная көчөсүнө бурулганда жөө өтмөктөн жол кырсыгына кабылган. Тактап айтканда, айдоочу 41 жаштагы аялды 3 жана 6 жаштагы балдары менен сүзүп кеткен. Натыйжада аял жана 3 жаштагы бала "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага алынып кетсе, 6 жаштагы кыз окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми айдоочу изин жашырып качып кеткен.
"Ыкчам-тергөө тобу качып кеткен унаанын айдоочусун көп өтпөстөн борбордогу кафелердин биринен кармашкан. Жабырлануучуларды Даймлер-Бенц-230 үлгүсүндөгү унаасы менен сүзгөн айдоочу 18 жаштагы З.А. аттуу жаран экени аныкталган. Учурда унаа айып аянтына токтотулуп, чогултулган материалдар Бишкек ШИИББине өткөрүлүп берилди", - деп билдирет басма сөз кызматынан.