"Апрель" телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложников 6 сааттан ашык сурак берди. Бул тууралуу аталган телеканалдын сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 13-августта саат 16:30да УКМКга суракка кирип, саат 22:50 чамасында чыккан. Ложниковду УКМК кызматкерлери 7-8-августтагы окуя боюнча маектешүүгө чакырышкан. Жыйынтыгында, маек 6 сааттан ашык созулду. "Көргөн, билгеним тууралуу айтып, түшүндүрүп бердим. Болгону ошол", - деди канал жетекчиси.