Бүгүн, 19-августта Биринчи Май райондук сотто мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди мыйзамсыз кармоо боюнча даттануу арыз каралат. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Маалыматка ылайык, соттук отурум саат 14:00дө өтөт. "Мыйзам боюнча соттук отурумга Атамбаевдин катышуусуна шарт түзүлүшү керек" дейт Жолдубаева.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган.