Алга Кылычов жана Амантур Жамгырчиев Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындай маалыматты аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлады.
"Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов жана "Элдик штабдын" өкүлү Амантур Жамгырчиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. ИИМдин тергөө кызматы УКМКнын атайын даярдыктагы жоокерлерин барымтага алуу жана Кой-Таштагы массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын жүргүзүп, окуяга тиешеси бар делингендерди суракка алып жатат. Учурда ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
9-августта КСДП отурган "Форумдун" имаратына спецназ келип, КСДПнын бир катар өкүлдөрүн ИИМдин кызматкерлери кармап кеткен. Ошондой эле "Форум" имаратынын жана "Апрель" телеканалынын мүлкү камакка алынганы маалымдалган.