Бүгүн, 22-августта депутат Ирина Карамушкинанын баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
"Бир сааттан кийин Ирина Карамушкинаны Биринчи Май райондук сотуна алып барышат. Анда депутаттын баш коргоо чарасы каралат" деп жазды Жолдубаева.
Башкы прокуратура Ирина Карамушкина Кылмыш-жаза кодексинин "барымтага алууга" беренеси боюнча шектелип жатканын билдирди.
7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, эл менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери ортосунда кагылышуу орун алган. 8-августта Атамбаев камакка алынган. 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган.