Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Москвадагы Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордо кошумча анализ дайындалган. Дарылоого кеткен каражатты мамлекет төлөп берет. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаевдин айтымында, буга чейин жабырлануучуну аталган борбордун дарыгери, академик Александр Потапов бир сыйра кароодон өткөргөн.