Абактан ооруканага жеткирилген Сапар Исаковго аялы бир сааттан бери киргизилбей жаткандыгы маалымдалды

Буга чейин экс-премьер Сапар Исаковдун абалы начарлап, камактан ооруканага жеткирилгендиги маалымдалган. SUPER.KG порталы Исаков жаткан ооруканага барган журналист, медиа эксперт Гүлнара Төралиевадан анын абалы тууралуу сурады. Анын айтымында, учурда Исаковго эч кимди киргизбей жатышат.

"Биз билгенден, Сапар Исаковдун абалы бүгүн эртең менен начарлап, дарыгерлердин консилиумунан кийин ооруканага жеткирилген. Жубайы жана жакындары ага кире албай жатабыз. ИИМден жана УКМКданбыз деген күч органдарынын кызматкерлери эч кимди коё бербей жатышат. Аялынын келгенине 50 мүнөт болду, эч нерсени түшүндүрбөй эле ага бизди киргизбей жатышат. Биз азыр мунун себебин билүү аракетин көрүүдөбүз", - деди Төралиева.

Окуянын чоо-жайы:

2018-жылдын 29-майында Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. Ал 5-июнда камакка алынган.

Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан