Кечээ, 1-майда Ош облусунун Кара-Суу районунда айтылуу Матраимовдор уюштурган турнирден кийин мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жубайы Малика Арстанбекова билдирүү таратты. Анда ал адилеттүүлүккө болгон үмүтү өчкөнүн белгилеген.
"Акыйкаттуулукка болгон үмүттү кечээ Раим Матраимовдун Жогорку Кеңештин жарымын түзгөн депутаттардын жана төрага Жумабеков (ред. Дастанбек), биринчи вице-премьер Боронов (ред.Кубатбек) баштаган жогорку бийлик бутагында турган адамдардын курчоосунда түшкөн сүрөтү өчүрдү.
Менин жолдошумду ЖЭБ үчүн эмес, ал президенттин "сүймөнчүгүнө" каршы чыгып, Бажы кызматын Матраимовдон тазалоо аракетин көргөнү үчүн соттоп жатышканын эбак эле түшүнгөм. Сапар мага Сооронбай Шарипович президенттик кызматка киришерден бир күн мурун ага ал бир нече жолу чалып, Матраимовго тийишпөөсүн айтканын кийинчерээк айтып берди. Бирок Сапар ага баш ийген жок, ошол үчүн балдары, апасы, туугандары, достору менен көрүшө албай "жооп берип" жатат. Дээрлик бир жыл өттү. Тергөөдө анын бир да күнөөсү далилденген жок, сотто дагы. Тескерисинче, баары биздин үй-бүлөнүн андай деле акчасы, мүлкү жок экенине ынанышты. Ошондуктан үмүт бар эле.
Кечээ болсо үмүт өчтү. Төрага, биринчи вице-премьер, 30 чакты депутат президент тарабынан колдоо табарына ишенишпесе, Матраимовдордун тоюна барышмак эмес.
Кечээ эл коррупция менен күрөшүүчүлөрдүн анык жүзүн көрдү. Бир жылдан бери элдин башын айландырып келе жатышат, мурдагыдан да коррупция кенен жайылды. Сооронбай Шарипович Матраимовдун бир нече үйлөрү, ишканалары, дагы башка байлыктары кайдан экенин билүүгө 4 ай мурун убада берген. Дагы деле бул боюнча бир да маалымат бериле элек. Бир таанышым "Жээнбековдун Матраимовду Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы кылып дайындабаганы эле калды" деген "ачуу" тамашасын айтат. Бирок мен мындан ары да күйөөм, балдарым жана үй-бүлөмдүн кадыры үчүн күрөштү улантам", - деп жазылат анын билдирүүсүндө.