Бүгүн Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтү узартылышы мүмкүн

Бүгүн, 1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду камакта калтыруу боюнча маселени карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалыматка караганда, азырынча соттун так сааты айтыла элек. Жолдубаева отурум саат 17:00дөн кийин гана башталышы мүмкүн экендигин кошумчалады.

Буга чейин 9-августта Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Исаковду эки айга, тагыраагы, 5-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган. Буга нааразы болгон Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов шаардык соттун чечимин өзгөртүү максатында Жогорку Сотко кайрылган.

29-августта Жогорку Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. Ал "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Erik2018
2018-10-01 12:39:03
Сапар Исаков кайсы арына таза адам. Ал жеткен жегич. Акаевдин маалынан бери кызматтан кызматка кын дебей секирген адам кантип эле таза болуп кетсин. Былыктын баары чыктыго. Өкмөт башчы болуп турганда анын командасы беш колун салып жүрдү. Мына азыр жеп ичкендерин кусуп абакта жатышат.
+6
bekmirzach
2018-10-01 12:42:33
Сапар Исаков кайсыгана долбоорго кординаторлук кылса ошонун баарында коррупциялык иштер орун алган.Ушуннун өзүн эле карап туруп Сапардында коррупциялык иштерге түздөн түз тиешеси бар деп айтса болот. Жаш туруп элдин ишенимин актабай элдин ырыскысын уурдаган. Ага 10 жыл берседа аз го
+6
Bazake
2018-10-01 12:41:30
Бул Сапар Албектер тынч жатпайт экен. Булардын баш коргоо чарасын карабаш керек.Оздору деле чон кылмыштарды жасаганын моюнга алып арызданбай эле отурса болмок
+8
bond02
2018-10-01 12:46:06
«Атасын» да чакыргыла.
+2
uli1234
2018-10-01 13:42:50
Аташканын командасын камаш керек жегичтер
+1
talaa11
2018-10-01 14:33:29
Уй мулкун,баардык топтогон байлыктарын Окмоттун эсебинен арестовать этиш керек мындай жемкорлого,500мильион доллар токсун мамлекеттин казынасына
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан