Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер Сапар Исаковду 5-январга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов жарыялады.
Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүлөрү Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн узартууну суранып кайрылган болчу.
Окуянын чоо-жайы:
29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 5-июнда эки айга камакка алынган. 31-июлда анын абактагы тергөө мөөнөтү дагы эки айга узартылган.
1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тергөө абагында калуу мөөнөтүн 5-декабрга чейин узарткан.
Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.