Райондук сот Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап жатат

Бүгүн, 31-июлда мурдагы премьер Сапар Исаковду Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алып келишти. Сотто мурдагы өкмөт башчынын баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу боюнча арыз каралат.

Учурда мекеменин короосунда анын тарапташтары топтолуп турат. Сот жабык өтүүдө, журналисттердин кирүүсүнө уруксат берилген жок.

Биринчи Май райондук сотунда Сапар Исаковдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу каралууда.

Эске салсак, 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

Ал эми 13-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун ишин карап, аны 2 айга камакта калтырган. 24-июлда Жогорку Сот шаардык соттун камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.

Айта кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Сот Сапар Исаковду камакта калтырууну эки айга узартты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2018-07-31 17:39:34
Көптөн бери көрө элекмин Сапарды. Көрсөтуп койгулачы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан