Бүгүн шаардык сот Сапар Исаковдун баш коргоо чарасына байланыштуу кассациялык даттанууну карайт

Бүгүн, 9-августта Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун баш коргоо чарасына байланыштуу кассациялык даттанууну карайт. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, соттук отурум саат 15:30да болот. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 31-июлда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн эки айга узарткан. Соттун чечимине ылайык, Исаков 5-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Эскерте кетсек, 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

Ал эми 13-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун иши боюнча аны 2 айга камакта калтырган. 24-июлда Жогорку Сот камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.

Айта кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан