Жактоочу: "УКМК Сапар Исаковго жакындары менен жолугууга үч саат гана убакыт берди"

"УКМК Сапар Исаковго жакындары менен жолугууга үч саат гана убакыт берди", - деп бүгүн, 20-августта SUPER.KG порталына жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, эртең Сапар Исаковдун жакындары жолугуу үчүн кайра уруксат сураш керек болот. "Бир эле жолукканга жараган уруксат берилди. Уруксат эми күнүгө алып туруш керек болот. Негизи жакын туугандарына жолугушканга эч кандай тоскоолдук кылган болбойт. Учурда Сапар Исаков ооруп жатат. Ооруканадан качан чыгары белгисиз, ал текшерүүдөн өтүүдө", - деди Нурбек Токтакунов.

16-августта Сапар Исаков абактан ооруканага жеткирилген. Ага кыр арка омурткасындагы тамырларда кан айлануунун бузулушу деген диагноз коюлган. Аталган синдром жаш куракта инсульт алуунун бирден-бир себеби болуп саналат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан