6,5 саатка созулган сурактан кийин чыккан Сапар Исаков аны атайылап каралап жатышканын айтты

Алты жарым саатка созулган сурактан кийин чыккан Сапар Исаков ага карата атайын каралоо аракети жүрүп жатканын айтты.

"Бул абал мени нааразы кылып жатат. Ачык эле көрүнүп турат, биринчи менин тегерегимде чуу жаратып жамандоо аракеттери орун алып, эми мына мени кылмышкер кылып көрсөткүлөрү келип жатат. Мен эми жактоочуларым менен сүйлөшүп, ак экенимди далилдөө үчүн күрөшөм", - деди Сапар Исаков.

Айта кетсек, Улуттук коопсуздук комитети Исаковго коррупция беренеси менен айып тагылганын кабарлаган.

Буга чейин 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБ боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп ал журналисттерге билдирген. 14-майда Сапар Исаков 2-жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан. Сурак түштөн кийин да уланган.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Сапар Исаков УКМКдан чыгып "Болуп жаткан нерселерге шок болуп жатам"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
RNA78
2018-05-29 21:20:29
Өңү саргарып, ооруп, ооруканага жаткысы келгендей түсү бар го. Бул да ооруп калбасын эми.
+27
bekov01
2018-05-29 21:26:08
Её укмк тушунуктууго баарыле емнеле созулотасын тыкда нары
+16
korea
2018-05-29 21:34:08
Ыйлактай бербей жегендеринди куза турган мезгил келди...Аташканды ала жат эми...
+20
interpol
2018-05-29 21:45:12
Кыз боозуп энесин коркутат болуп атат го, кылгылыкты кылып коюуп. Чындап күрөшчү ак экениңди көрөлү. Ак жериңда калбаган болуш керек
+21
ruslanz
2018-05-29 22:15:09
Урматтуу Сапар баарынар эле мен эмес дейсинер,анан мен жедимби.Музейди мен козомолдогом дединиз,эмне учун отургучту 100 мин сомго аласыз, дагы толтура
+22
Mederbek0811
2018-05-29 23:05:28
Ой тобоо! Бул Исаков дегенинер уурулук кылып колуна кармап турган жеринен тутуп алсан да бул менин колум эмес танчуудай туру бар экен кокуй!Кай жерде коррупция болсо ушул баатырдын кулагы корунот. А бул болсо акмын деп актангандан тажабайт. Аташкасы экоо командасы менен Кыргызстанды талап тоноп карызга батырып жок кылууларына аз калган экен. Кудай деген элбизда.Аллахым озу сактаптыр.
+10
Dembele84
2018-05-29 23:07:22
Айыбын угузуп эмне койо бердинер?Созбой нары камагылачы.Бул жакта да канча иштер ачылып жатат.Нары бери качырбай куноолулорду апарып тыккыла убакытты созбой.Эртераак экс президентке да убакыт жетсинчи,ошону гана кутуп отурам.Депутаттар да эртерээк мыйзам иштеп чыгып,кол тийбестиктен ажыраткыла батыраак качып кете электе!
+6
Milduri
2018-05-29 23:45:49
Эмнеле мынча өзүн элге таптаза көргөзүп атат. Эл баарын билет өзүңдү пиарлаганды токтот эми!!!
+4
tilek121277
2018-05-29 23:49:24
ХХХХХХХ кылгылыкты кылып коюп актанганы кандай
+5
admin_superstan
2018-05-30 11:02:00
tilek121277, кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат! Эскертүү!
0
BekAmir
2018-05-30 00:21:42
Колун менен кылганынды моюнун менен тарт эми жигит болсон. (Еще кусушун керек)
+5
fantomas
2018-05-30 00:23:37
Ага айып таккан сон эмнеге кое беришти мен танмын... Исаковдун кылмыштарын санап отурсан ого эле коп... Акмын деп актанган Исаковдон жуз миллиондон 500 миллион долларга чейин акча ж.б.байлык чыгат жакшылап текшерсе...

Анан мындай коррупционер эмнеге камалбай эркиндикте журот, тушунбойм.

Исаковдун Бишкек ТЭЦи, Тарых музейин жанылоо, Чолпон-Атадагы ат майданын куруу, Балыкчы-Корумду жолун куруу, 2 жолу Кочмондор оюнун откоруу ж.б.коррупциялык иштерге катыштыгы бар.
+2
talaa11
2018-05-30 02:33:38
УКМК тезиреек камагыла акыры биро жоопкерчиликти алыш керекда баарыле суттон ак боло бербей
+2
Matahara1980
2018-05-30 03:03:14
Ууру тойгончо жеп олгончо карганаттда
+4
suban78
2018-05-30 08:13:04
Алла Таала кыргыз элине боору ооруп Сокедей адамды жоноттубу ыя сактап кал деп. Бир да президенттин убагында мындай коррупциялык иштер чукулган эмес эле. Кичине учу чыгып коп отпой жабылып калчу.
+3
vikidiki
2018-05-30 13:36:43
ай билбейм ай. Таза, жаш кадр келди деп суйундум эле. Каап.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан