Сапар Исаков бир күн ичинде эки жолу сурак берип, ар бири 3 сааттан созулду

14-майда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук комитетинин сурагына эки жолу кирди. Биринчиси саат 10:00дөн 13:00гө чейин болсо, экинчиси саат 14:30дан 17:30га чейин созулду.

Суракка кирип чыккан сайын ал журналисттерге кыска комментарий берип турду. Башында ал суракка кирип баратып, "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан. Ал эми сурактан чыгып жатып, "депутаттык комиссия адилетсиз чечим чыгарды" деген оюн билдирген.

Түштөн кийинки суракка кирип баратканда Исаков аны камоого негиз жоктугун айтса, чыкканда сурак ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу экенин маалымдады. "Бул иш менен менден мурунку өкмөт алек болчу. Тергөө иштери дагы канча созуларын билбейм", - деди Исаков.

Эске салсак, 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКга эки саат сурак берген. "Бишкек ЖЭБ боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп ал журналисттерге билдирген.

26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Сапар Исаков УКМКдагы сурактан чыкты. 14.05.18
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан