Сапар Исаковдун жакындары анын абалы жакшы эместигин айтышууда. УКМК мурдагы өкмөт башчынын ден соолугу тууралуу үн катты

Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда өкмөттүн маалыматтык саясатын жетектеп турган Гүлнура Төралиева социалдык тармакка билдирүү жасады. Анда Сапар Исаковдун абалы начар экени жазылган.
"Сапар Жумакадыровичтин абалы жакшы эмес, отура албайт, өңү кубарып кеткен, алсыз. Жөндүү диагноз коюша элек. Таң каларлык эле диагноз коюп жатышат. Сапар Исаковго жөндүү медициналык кароо жасоону суранам!" деп жазылган билдирүүдө.
Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда Сапар Исаковдун ден соолугу тууралуу маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети берерин айтышты.
Ал эми УКМКнын басма сөз кызматынан мурдагы өкмөт башчынын абалы канааттандырарлык экенин, аны 24 саат бою дарыгерлер карап жатканын билдирди.
Сапар Исаков 16-августта кыр арка омурткасындагы тамырларда кан айлануунун бузулушу деген диагноз менен абактан ооруканага жеткирилген. Ал өткөн жылдын июнь айында УКМКнын СИЗОсуна камакка алынганы маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Kylychisa
2019-08-20 21:12:49
Ким айтты эле Исаков турмодо спорт менен машыгып озун здаровый образ жизнде отоп жатат деп?
+7
nuri1
2019-08-20 23:11:14
Kylychisa,
Исаков жакында чыгат. Эл журт Жээнбеков Раим ууруларды кууп чыгабыз. Исаков азаматсың.
-8
Aimani
2019-08-20 23:22:52
nuri1,Исаковдун күнөөсүн бир жылдан юери далилдей албайэле камап отурушат. Ушунча убакыт түрмөдө отурган соо киши деле ооруп калыщы мүмкүн да. Табалагандар аман эле болгула
-3
Bektur2011
2019-08-21 19:31:10
nuri1, ууру Сапар Исаков, аферист
0
rysik79
2019-08-21 07:36:14
Kylychisa, Ал деген Мотуев турмодо спорт менен шуулданып, кыздарга кастинг жарыялаган.
+1
Kyrgyz_bloger
2019-08-20 21:24:36
Саламаттыкты сактоо министрлиги оз алдынча суйлой албайбы,алар дагы коркобу,согуш убагында пленге тушкон душманды дагы дарылаган го,жарадар болсо.
+4
altyn-kumush
2019-08-20 22:15:01
АШАкеси алып чыгып кете албаганынан давлена болуп кеткен го, бир омур турмодо калып кеттимби деп.
+3
baybolot
2019-08-20 22:53:49
Бир чети кулкун келет бир чети кыжыр кайнайт эмнеге эле ооруп калышат акчаларды пачкалап жеп атышканда ашказандары неге оорубайт жон эле аш кылып жиберишет го
+8
jalguzum
2019-08-20 23:43:15
Эмне учун только камалганда оорушат. Кыргызстанды инвалид, оорукчандар башкарып калганбы деген ой келет. Шайлоо убагында ден-соолугу чын деген справкабы, медкнижкабы алыш керек.
+8
Absamat-90
2019-08-21 09:52:35
Бат бийкке учуп, бат кулады жигит,ошондуктан коп деле шашылган болбойт да.Саясатка жаштар келсин дейсинер, келген менен баланын иши чала болуп жатпайбы.
-1
aidartegin
2019-08-22 10:22:30
Убакыт керек.... Чыданыз! Сабыр! Жараткан баарын орду оордуна коет. Бул жагы түбөлүктүү эмес. Кимдин-ким экени алдыда бир жыл отпой билинет. Кимдин иштегени, кимдин иштебей кошоматчыы болуп жургону. Эл тараза, эл сынчы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан