Бүгүн, 1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун абактагы тергөө мөөнөтүн узартуу боюнча маселени карайт. Соттук отурум кечки саат 17:00дөн кийинки убакытка белгиленген.
Сапар Исаковду Биринчи Май райондук сотунун залына алып кирип кетишти. Аны менен кошо сот залына Сапар Исаковдун агасы, апасы жана жубайы кирди. Учурда соттук отурум жабык өтүүдө. Сапар Исаковдун тарапташтары соттун жыйынтыгын сырттан күтүшүүдө.
Буга чейин, 9-августта Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган. Буга нааразы болгон Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов шаардык соттун чечимин өзгөртүү максатында Жогорку Сотко кайрылган.
29-августта Жогорку Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. Ал "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.
29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.