Бүгүн, 13-июнда Бишкек шаардык сотунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы жабык өтүүдө.
Соттук отурумга анын жактоочусу Нурбек Токтакуновду киргизбей койгонуна сотко келген жарандар нааразы болду. Жыйынтыгында соттун уруксаты менен Токтакунов кирди.
Сотко Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова келди.
Эске салсак, Исаковго 29-май күнү "коррупция" беренеси менен айып тагылган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Айта кетсек, 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.
Буга чейин 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.
Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.