Сапар Исаковдун адвокаттары тергөөчүгө кайрылып, президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси Нурсулуу Ахметованы суракка чакырууну өтүнүштү. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы жарыялады.
"Тергөөчүлөр айыптоонун негизине экс-президент Атамбаевдин атына жазылган кызматтык катты коюшту. Анда "ТВЕА компаниясынын баа боюнча сунушу өзгөчө баса белгиленген" имиш. Бирок бул катта кайсы бир компанияны лобби кылуу максаты жок. Аны жалгыз Сапар Исаков даярдаган жок, Нурсулуу Ахметова да катышкан, бирок Ахметовага эч кандай доо жок.
Чын эле эгер катта мыйзамга каршы эч нерсе жок болсо, ага кандай доо болушу мүмкүн. Ал президент менен өкмөттүн өз ара мамилелер форматына дал келип жатат да. Бирок эгер тергөөчүлөр айыптоонун негизине кызматтык катты коюшса, анда алар учурдагы президенттин командасында иштеп жаткан Нурсулуу Ахметовага суроолорун бериши керек. Ошондо ал тергөөчүлөргө "бул кызматтык кат аркылуу президентке түрдүү компаниялардын сунуштары жана шарттары менен тааныштыруу болгон" деп түшүндүрөт. Анда ТВЕАны лобби кыла турган бир да сөз жок", - деп айтылат КСДПнын маалыматында.