Кечээ, 23-августта ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жан сакчы-айдоочусу Дамирбек Пайзылла уулу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда Курсан Асановдун иши боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Дамирбек Пайзылла уулу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына Кой-Таш окуясына байланыштуу документтер менен буюмдарды мыйзамсыз негизде берген деп айыпталып жатат.
Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.