23-августта ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жан сакчы-айдоочусу Дамирбек Пайзылла уулу кармалган. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Анын жактоочусу Канат Хасанов укук коргоо органынын кызматкерлери ага кардарын көрсөтпөй жатканын социалдык тармакка жазып чыккан. Ошону менен катар эле ал ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылуу дагы жасаган. Андан көп өтпөй Хасанов Дамирбек Пайзылла уулу менен жолукканын жазып чыкты.
Дамирбек Пайзылла уулу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына Кой-Таш окуясына байланыштуу документтер менен буюмдарды мыйзамсыз негизде берген деп айыпталып жатат.
Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.