Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкуловдун баш сөөгүнүн бир бөлүгү майдаланып кеткен. Ал дале комада жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта SUPER.KG порталына Травматология жана терапия илим-изилдөө борборунун директору, профессор Сабырбек Жумабеков билдирди.
"Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда. Кечээ анын башына экинчи оор операция жасалган. Учурда ал дале комада жатат. Катуу соккудан анын баш сөөгүнүн бир бөлүгү майдаланып, анын сыныктары баш мээсине да кирип кеткен. Учурда ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда", - деди Жумабеков.
Эске салсак, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операцияда күч органдары менен анын тарапкерлери кагылышкан. Андан 45тен ашык адам жаракат алган. Күч органдарынын бир кызматкери каза болгон.