Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарёв билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаардык сот Атамбаевди 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Жактоочу соттун көчмө жыйыны УКМКнын имаратында жабык өткөнү мыйзам бузуу деп эсептей турганын айтты.
Жактоочу Замир Жоошев эмнеге көчмө жыйын өткөнүн негиздеген соттун чечими жок. Эмнеге көчмө жыйын өткөнүнүн себебин айтышкан жок. "Атамбаев өзүнүн укуктары жана мыйзамдын нормалары одоно бузулганына байланыштуу башынан бир дагы суроого жооп бербейм деп коргоонуу позициясын кармаган", - деди Жоошев.
Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы боюнча даттануу арызы Бишкек шаардык сотунда каралмак. Бирок соттук көчмө жыйыны УКМКнын имаратында өттү.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылды. Атамбаев Жазык кодексинин “кылмышка кошо катышуу” жана “коррупция” беренелери боюнча шектелүүдө.