Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун абалы начар бойдон калууда, мындан улам жакынкы арадагы соттук отурумдар жылдырылды. Мындай маалыматты жактоочу Нурбек Токтакунов кабарлады.
"Сапар Исаковдун абалы өзгөрүүсүз калууда. Дарыгерлердин консилиуму такай болуп жатат. Учурда медициналык кароолор жүргүзүлүүдө, ага так диагноз коюла элек", - деди ал.
Сапар Исаков ооруканага жаткырылгандан бери жубайы райондук соттун уруксаты менен эки жолу кирип чыкканын кошумчалады жактоочу.
Мурдагы өкмөт башчынын ден соолугу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы канааттандырарлык деген жооп узатты.
"Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык, тагыраагы, өзгөрүүсүз калууда. Дарыгерлердин консилиуму бат-баттан өтүп жатат", - деди басма сөз кызматынан.
Сапар Исаков 16-августта кыр арка омурткасындагы тамырларда кан айлануунун бузулушу деген диагноз менен абактан ооруканага жеткирилген. Ал өткөн жылдын июнь айында УКМКнын СИЗОсуна камакка алынганы маалым.
УКМКнын басма сөз кызматынан мурдагы өкмөт башчынын абалы канааттандырарлык экенин, аны 24 саат бою дарыгерлер карап жатканын билдирген.