Шаардык сотко Сапар Исаковду колдоп 100гө жакын адам чогулду

"Сапар Исаков "менин күнөөм жок" деп жатат" деп бүгүн, 13-июнда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын кароо ишинин алдында SUPER.KG порталына анын жактоочусу Учкун Каримов билдирди.

"Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Исаковго козголгон иш туура эмес" дегени боюнча эч нерсе айта албайм. Исаков өзү да күнөөсү жок экенин айтууда, баарын тергөө иши аныктайт", - деди Каримов.

Учурда сот иши баштала элек, Исаковду колдоп 100гө жакын адам келди. Алар тергөөнүн акыйкат жүрүшүн талап кылган жазууларды көтөрүп алышкан.

Эске салсак, Исаковго 29-май күнү "коррупция" беренеси менен айып тагылган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Айта кетсек, 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

Буга чейин 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан