УКМК Сапар Исаковдун ишин 5-февралда Башкы прокуратурага өткөрүп берди. Маалыматты өлкөдөгү башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы ырастады.
Белгилүү болгондой, кылмыш иши боюнча тагылган айыптар менен тараптар таанышып чыгышкан. Башкы прокуратура күндүн аралыгында материалдар менен таанышып, Бишкектеги райондук соттордун бирине жөнөтөт. Азыркы учурда кайсы райондук сот карай турганы аныктала элек.
Окуянын чоо-жайы:
29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 5-июнда эки айга камакка алынган. 31-июлда анын абактагы тергөө мөөнөтү дагы эки айга узартылган.
1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тергөө абагында калуу мөөнөтүн 5-декабрга чейин узарткан.
Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.