Бүгүн, 31-июлда Биринчи Май райондук сотунда Сапар Исаковдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу боюнча арыз каралат. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Кундуз Жолдубаева SUPER.KG порталына билдиргендей, баш коргоо чарасы саат 16:00дө каралып, соттук отурумга Сапар Исаков алып келинет. "Исаковдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөчү суранып жатат" деди ал.
Эске салсак, 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.
29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.
Ал эми 13-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун ишин карап, аны 2 айга камакта калтырган. 24-июлда Жогорку Сот шаардык соттун камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.
Айта кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.