Абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровго апасын жерге берүү зыйнатына катышууга уруксат берилди. Бул тууралуу бүгүн, 8-мартта SUPER.KG порталына анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.
"Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан абак жайына кат жөнөткөм. Жарым саат мурун мага расмий түрдө жооп келди. Ага ылайык, Садыр Жапаровго апасын жерге берүү зыйнатына катышууга уруксат берилди. Бүгүн түшкө жакын Түп районунун Кең-Суу айылына жөнөп кетебиз. Жерге берүү зыйнаты эртең саат 11де өтөт", - деди жактоочу.
Айта кетсек, саясатчынын апасы Кадижан Максутова Бишкектеги ооруканалардын биринде 7-мартта каза болгон. 2017-жылы анын атасы каза болгондо жаназасына катышууга уруксат берилген эмес.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жапаров учурда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 колонияда жазасын өтөп жатат.