Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов жаңы жагдайлар боюнча Жапаровго козголгон кылмыш ишти кайра кароо өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылат. Маалыматты жактоочу SUPER.KG порталына ырастап, ушул тапта бериле турган документтер даяр экендигине токтолду.
"Документтерди берип коё беребиз, бирок карабай коёбу деген чочулоо бар. Буга чейин деле ишти кайрадан карасын деген өтүнүч менен Башкы прокуратурага кайрылбадык беле. Биз Садыр Жапаровго ырайым болсун дебейбиз, анын эч күнөөсү жок, зыян тарткан адам жок, жабырлануучу жок, ошондуктан акталып чыгышын талап кылабыз.
Учурда аны камактан бошотуу талабы бар жарандардан кол топтоо да улантылып жатат", - деди ал.
Окуянын чоо-жайы:
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Быйыл 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия анын жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан.