Башкы прокуратура экс-депутат Садыр Жапаровдун ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароону колдобойт. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде парламент жыйынында баш прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
Анын айтымында, жаңы Кылмыш-жаза кодексине ылайык, тараптар Жогорку Сотко кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо өтүнүчү менен кайрыла алат. "Тергөөнүн жүрүшүндө бардык жагдайлар такталган жана каралган. Ошондуктан бул иште жаңы жагдайлар жок деген тыянакка келгенбиз", - деди Жамшитов.
2017-жылдын 2-августунда Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган.