Баш коргоо чарасы каралып жаткан Өмүрбек Текебаевдин соттук отурумуна тарапташтары гүл жана чепкен алып келишти

Бүгүн, 29-августта Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралып жатат.

Аларды тарапташтары гүл жана чепкен менен тосуп алууга камынып жатышат. Тарапташтары Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгып калат деген үмүттөрү бар экенин айтышты.

21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип камакка алынган.

3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Muslim_KGstana.
2019-08-29 14:46:46
Чыгаргыла оа,Атамбаев убагында камалган саясатчылардын баарын чыгарыш керек
Себеби белгилуу да
+2
Mashyrbek
2019-08-29 14:48:06
Чыгарсын эми бир Орус жаран жалган корсотмосу менен камалган
+1
kechirmeni
2019-08-29 14:55:47
чыгаргыла да андан коро ишти кылбайлыбы, биргеликте Кыргызстанды онуктурбойлубу
+6
Shanshieva
2019-08-29 15:04:47
Боштондук бугун чыгат Аллахым буйруп .чыгып калышса экен .мен да баргым келип Кетти .
+3
mirkaa5182
2019-08-29 15:12:49
Убагында Атамбаев камады эле Текебаевди эми өзү камакта, келме кезек деген ушу экен да, жашоо бумеринг, Текебаев акталсын, Кыргызстанда мыкты саясатчылардын бири.
+1
oSporte
2019-08-29 15:22:23
Путин акам турганда чыкпайт бу
-8
Shanshieva
2019-08-29 15:28:19
oSporte, бекерди айтыпсын чыгат
+6
Aimani
2019-08-30 01:19:10
Shanshieva,берчусун берип койсо чыгат да, ошондуктан уверенно чепкен, гүл көтөрүп келишти да
0
Zimzimemir
2019-08-29 16:36:19
Ай ии урушпагылаа туугандар
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан