"Алмамбет (Шыкмаматов - ред.) орусчаны жакшы түшүнбөй ошентип бакылдап жатат окшойт". Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун "Атамбаев Текебаевди каматканын моюнуна алды, өкүнүп жатат. Буга тез арада укук коргоо органдары чара көрүш керек" деген сөзүнө жооп кайтарды.
Атамбаев "Апрель" каналына берген маегинде бир топ саясий окуяларга пикирин билдирди.
"Алмамбет орусчаны жакшы түшүнбөй ошентип бакылдап жатат окшойт. Ал жерде “Мыйзам боюнча жаза туура эле колдонулган” деп ачык эле айтылды. Мүмкүн эмоцияга алдырып, толкунданып айттымбы. Текебаевдин миллион алынганы жөнүндө жанында жүргөн Өмүрбек Абдырахманов жана башкалар бакылдап жүрүшпөйбү. Керек болсо өз ара сүйлөшкөндө деле баары тең “бул чын” деп жатышат. Менин айтканымдын мааниси башка болчу. Мен күч органдарына мыйзам боюнча иштегиле деп айтчумун. Мыйзамды бузуп эле Текебаевди каматтырбай койсом болмок экен деген бир өкүнүч бар. Ким билет, мүмкүн күч орган кызматкерлеринин деле таарынычы бар беле, бирок мен тескерисинче, “бул бир чети жаза да болот, экинчиден, Өмүрбек Чиркешовичти каарман кыласыңар” деп айткам. Дагы бир жолу , Кудай өзү кечирсин деп айтам. Мыйзамды бузуп, каматтырбай эле койсом болмок окшойт. Бирок мыйзам боюнча чара туура колдонулган. Миллиондун алынганы чын".