"Ата-Мекен" партиясы тынч митингге чыгат. Маалыматты SUPER.KG порталына "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов тастыктады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-мартта "Ата-Мекен" партиясынын штабында өткөн жыйында демилге көтөрүлүп, фракция колдогон. 23-апрелде эски аянтта партия мүчөлөрү, фракция өкүлдөрү, партиянын тарапташтары катышкан митинг өтөт. Шыкмаматов бул миттингге чыккандар камактагы Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотоновдун иши акыйкат иликтенишин талап кылышарын белгиледи. Ошондой эле митингге партияны жана камактагы саясатчыларды колдогон тарапташтары келип катышса болорун айтты.