"Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн ооруканадан колонияга которулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Искен Афиджанов билдирди.
Белгилүү болгондой, камактагы лидер бүгүн Улуттук кардиология борборунан №47-абакка которулат.
"Кечээ ооруканага барып, дарыгерлерге жолуккам. Алар Өмүрбек Текебаевдин дарылануусу аяктаганын, абалы турукташканын айтышкан. Бүгүн саат 11ге жакын №47-абакка которушат", - деп билдирди жактоочу.
Буга чейин жактоочу Текебаев ден соолугуна байланыштуу дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керектигин билдирген. Ага буга чейинки жүрөк жана кан басымы менен байланыштуу оорулары себеп экендиги да айтылган. Текебаев ден соолугуна байланыштуу абактан ооруканага 13-декабрь күнү которулган.