Бүгүн, 2-сентябрда Өмүрбек Текебаев Жалал-Абаддын Акман айылында тарапташтары менен жолугушту. Ал 29-августта үй камагына чыккан болчу.
Бүгүнкү жолугушууда Текебаев бир катар жагдайлар боюнча сөз кылды. Соңунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева тууралуу айтып өттү.
"Муну аялым Айгүл экөөбүз эле билебиз. Мен түрмөдө отурганда аялым көргөнү келген сайын "Атамбаевдин аялы менен тойдо көрүшүп калчу элек, ошого чалып көрөйүнбү?" дейт. Мен "Болбойт, болбойт. Кор болбойлу, суранбайлы" деп айтам. Аялым ага карабай кайра-кайра суранат, карасам өзү арыктап, жүдөп кеткен. Анан "мейли, айтсаң айтып көр" дедим.
Кийин Айгүл Раиса Атамбаева менен телефондон сүйлөшүптүр. Ошондо Раиса Атамбаева "Биз айтканбыз, моюнуна алса штраф менен чыгарып жиберебиз дегенбиз. Бирок ал моюнуна албай жатпайбы" деп жооп бериптир. Чын эле ага чейин жактоочу аркылуу мага ошондой сунуш түшкөн.
Мен акчаны алып, партияга иштетип жибердим эле деп ишти моюнума алсам чыкмак экенмин. Өзүм өмүр бою коррупция менен күрөшүп жүрсөм, кантип аны моюнума алып чыгып кетем. Андан көрө түрмөдө жатсам да элдин ишениминде болгонум жакшы дедим", - дейт Текебаев.