Камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев президенттин алдындагы ырайым берүү боюнча комиссиянын катына жооп берди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал катты алар Өмүрбек Текебаевге Жазаларды аткаруу кызматы аркылуу өзүнө беришкен. Ал комиссияга ага ырайым берүүгө каршы экенин, анын ишин жаңы жагдайларга байланыштуу башынан карап, аны толук актоо керектигин айткан.
Мындан сырткары институттан алар өздөрүнүн кайрылуусун кайтарып алышпай тургандыгын, бирок ошол эле учурда Текебаевдин да пикирин угууга милдеттүү болушканын айтты.
Айта кетсек, акыйкатчы Кубат Оторбаев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну суранып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган.
Эске салсак, былтыр жазда Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.