"Ата Мекен" Текебаевге жана Чотоновго карата Жогорку Соттун чечимдери берилбей жатканы боюнча билдирүү таратты

Бүгүн, 11-декабрда "Ата Мекен" партиясы экс-депутат Өмүрбек Текебаевге жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Жогорку Соттун чечимдери берилбей жатканы боюнча билдирүү таратты.

"Социалистик “Ата Мекен” партиясы сот органдарынын Өмүрбек Текебаевдин биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын жаран катары укугун тебелеген мамиле кылуусуна нааразычылыгын билдирет.

Партия мүчөлөрү Жогорку Сот чечимин бере электигине байланыштуу Текебаевди Жогорку Кеңештин депутаты деп эсептейт. Биз андан сырткары 21-ноябрда бүткөн сот процессиндеги Дүйшөнкул Чотонов боюнча расмий документтерди алган жокпуз!

Борбордук шайлоо комиссиясы мүчөлөрүн өтө тездик менен чогултуп, Жогорку Соттун чечимин көрбөй туруп эле Текебаевди мандатынан ажыратып салды. Бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык болуп эсептелет.

Бардык сот процесстери мыйзамдарды бузуу менен өттү. Мисалы, сот бийлигинин официалдуу документти кечиктирип кармоосу, БШКнын иш аракеттери, көзөмөлдөнгөн ММКлардан айыптоочу, интенсивдүү жана ачык агрессивдүү берүүлөрү, макалалардын жарыяланышы, сот процессине чейинки экс-президент Атамбаевдин Текебаев тууралуу бүтпөгөн, далилденбеген сөздөрү ачык эле жасалма, буюрутма кылмыш иши экенин далилдеп турат.

Жогорку Соттон жана Башкы прокуратурадан тез арада өздөрүнүн милдеттерин так аткарып, 2017-жылдын 21-ноябрындагы Жогорку Соттун Текебаев Өмүрбек Чиркешович жана Чотонов Дүйшөнкул Тезекбаевичке карата чечимин берүүсүн талап кылабыз!" - деп айтылат "Ата Мекен" партиясынын 7-билдирүүсүндө.

Айта кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча, аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

Ал эми 2-октябрда Бишкек шаардык соту 21-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан