Жаңы макулдашуу боюнча инвестор экология жана социалдык блок боюнча Кыргызстандын пайдасына кошумча төлөмдөрдү жасайт.
Кыргыз Өкмөтү жана «Центерра» 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Стратегиялык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн талап кылынуучу шарттардын аткарылгандыгы жөнүндө жарыялашты. Сүйлөшүүлөрдүн бир нече этабынын жүрүшүндө тараптар «Кумтөр» долбоору боюнча толук өз ара түшүнүшүүгө келишти.
Ошентип, инвестор менен жетишилген макулдашууларга кошумча, Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү экологиялык төлөмдөр жана аны түзүү жөнүндө чечимге премьер-министр 22-августта кол койгон Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөшүү фондуна төлөмдөр бөлүгүндө республика үчүн кошумча пайдалар жөнүндө макулдаша алды. Жаңы келишим боюнча «Центерра» Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 миллион долларлык бир жолку төлөм жасамакчы жана ар жылы экологиялык проблемаларды чечүүгө Кыргызстанга 3,7 миллион доллардан которуп турмакчы (Стратегиялык макулдашуунун мурдагы вариантында сөз 2,7 миллион доллар жөнүндө жүргөн). Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөшүү фондуна инвестор эки транш менен 5 миллион доллардан которот. Бул төлөмдөр 2019-2020-жылдары жүргүзүлмөкчү. Андан тышкары, «Кумтөр» компаниясынын жалпы жылдык кирешесинен 0,4 пайыз өлчөмүндө ар жылдык төгүмдөрдү жасамакчы. 2026-жылга чейин (“Кумтөр” кенин иштетүүнүн учурдагы мөөнөтүнө ылайык) регионалдык фондго төлөмдөр 30 миллион долларга жетет. Кыргыз Өкмөтүндө бул акчалар республиканын бардык региондорун өнүктүрүүгө шарттарды түзүүгө, атап айтканда, инвестициялык долбоорлорду жана экспортту колдоого, облустарда жаңы ишканаларды ачууга жана экотуризмди өнүктүрүүгө жумшала тургандыгын билдиришти.
Дагы эмне?
Стратегиялык макулдашуу толук күчүнө киргенден кийин «Центерра» Кыргызстандын онкологиялык кызматын колдоого калган 3 миллион долларды котормокчу. Эске салсак, өткөн жылы республика 10 миллион доллардан 7 миллион долларын алган, ага онкологиялык ооруларды дарылоо үчүн эки линиялык тездеткич жана башка заманбап жогору технологиялык жабдуу сатып алынган. Бишкек менен Оштун онкоборборлорунда тездеткичтерди орнотуу үчүн жайларды даярдоо жүрүп жатат, алар 2020-жылдын биринчи жарымында иштей баштамакчы. Андан тышкары, кыргыз жана канадалык тараптар кен ишканасында 2018-жылы геологиялык чалгындоонун кайра жаңыланган эки жылдык программасына чоң үмүт артышууда. Геологиялык чалгындоо иштерине инвестор өткөн жылы 18 миллион доллар бөлдү. Буга кошумча «Центерранын» Директорлор кеңеши жер казынасын чалгындоого дагы 6 миллион доллар инвестициялоо чечимин кабыл алды. Мына ошентип, бул долбоор боюнча инвестициялык салымдардын жалпы суммасы 24 миллион долларды түздү. Жалпысынан «Кумтөр» долбоору боюнча Кыргызстан үчүн кошумча пайда 150 миллион долларды түзөт.