Бишкектеги Жал кичи районунда 2 жаранды чала жан кылып сабагандар эки айга камакка алынды. Мындай чечим 7-сентябрда Свердлов райондук соту тарабынан кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан маалымдады.
Окуянын чоо-жайы:
28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Шектүүлөрдүн аты-жөнү 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жигиттер деп аныкталып, аларды табууга Бишкек ШИИББи жардам сураган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө 39-130 (адам өмүрүнө кол салуу) беренеси менен кылмыш иши ачылган. Эки жабырлануучунун абалы учурда оор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан.
Ал эми издөөгө жарыяланган шектүүлөрдүн биринин тууганы милиция кызматкери болуп иштей турганын ИИМ башчысы билдирген.
Окуя болгон жерден шектүүлөрдү алып кеткен Чүй ОИИББинин кызматкерине кызматтык иликтөө башталган.
Ленин райондук прокуратурасы бул окуядан кийин экипаждын 3, облустук ички иштер башкы башкармалыгынын 1 кызматкерине кылмыш ишин козгогон. Анда милиция кызматкерлери "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кылмышты жаап жашыруу" беренелери менен шектелип жатканы маалымдалган.
5-сентябрда Ак Үйдүн астында митинг өтүп, ага Бишкектин Жал кичи районунда орун алган мушташка кайдыгер карабаган адамдар жана жабырлануучулардын жакындары келген.
7-сентябрда шектүүлөр жактоочусу менен Бишкек ШИИББине өздөрү келишкен. Алар тергөө иштери аяктаганга чейин СИЗО-1ге киргизилген.