Бишкектин Жал кичи районундагы үрөй учурган мушташта сабалган эки жаран ооруканадан чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына сабалган балдардын жакындары билдирди.
Маалыматка ылайык, ооруканадан жабырлануучулардын чыкканына эки жумадай болуп калган. Алардын бирин Ат-Башы районуна туугандары алып кетсе, бири Бишкекте. Экөөнүн абалы туруктуу. Ошондой эле бул иш боюнча биринчи соттук отурум ноябрь айында боло турганын билдирет сабалган балдардын жакындары.
28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган. Ал эми булардын бир тууган агасы Казыбек Бапышов 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө камагына киргизилген.