Бүгүн, 6-сентябрда Бишкек ШИИББинде Бишкектин Жал кичи районундагы үрөй учурган мушташка шектүүлөрдүн кармалышы боюнча маалымат жыйын өтүүдө.
Маалымат жыйында Бишкек ШИИББинин башчысы Канат Джумагазиев буларды билдирди.
"Издөө иштери боюнча бардык шектүүлөрдүн дарегин таап, туугандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Түнкү саат 04:00дө агасы телефон чалып, аларды алып келди. Азыркы учурда эки шектүү тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Буга чейин дагы туугандары менен сүйлөшүүлөр жүрүп, алар эки күн тең убада берди. Кечээ алар шектүүлөрдү кармап келип берди", - деди Бишкек ШИИББинин башчысы.