Жал кичи районундагы үрөй учурган мушташ. Ур-тепкиге алгандардын ким экени аныкталды (сүрөт)

Бишкектеги Жал кичи районунда үрөй учурган мушташка шектелип жаткандардын ким экени аныкталды. Бишкек ШИИББи шектүүлөрдү табууга жардам сурайт.

"28-августта таңкы саат 07:00 чамасында Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө 39-130 (адам өмүрүнө кол салуу) беренеси менен алынган.

Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдүн ким экени аныкталды. Алар 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жигиттер экени белгилүү болду. Учурда аларга издөө жарыяланды", - деди маалымат кызматынан.

Аталган башкармалык сүрөттөгү жарандарды көрүп, билгендер болсо же маалыматтар болсо 102ге чалып коюуну суранат.

Жабыркаган тараптын кайрылуусун жана окуя тууралуу кененирээк маалыматты бир нече убакыттан кийин видеорепортаждан көрө аласыздар.

Бишкектеги үрөй учурган мушташ. "Өлүп калбасын эртерээк алып баралы"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
portugalia
2019-09-03 12:21:16
Жырткычтар.
+2
take1984
2019-09-03 12:21:54
жаныбек 134жашка чыгыптыр
+2
tairbek
2019-09-03 12:24:44
take1984,
0
tairbek
2019-09-03 12:25:59
take1984, даа бөрү карыса да бир койго алы бар деген шу экенда
-8
katerina.li
2019-09-03 12:25:38
Акмактар,бутунар сынсын.
+7
aza84
2019-09-03 12:35:40
Айбандарда эмне кыларын билбеген эшектер
+3
Dembele84
2019-09-03 12:47:10
Жаткан адамды антип бетке тепкилеген болбойт.Камап салгыла зоокурлорду озуно келсин,бироонун баласын урган кандай болушун билип чыксын.
+9
Kyrgyz_bloger
2019-09-03 13:29:29
Булар маньяктан эч айырмасы жок экен,строгий калонияда камаш керек.
+6
Jasi.jasi
2019-09-03 13:37:24
Калысбек Сейитбеков ошол жерделе журду го кандай эле кармай албай калдынар.Баланын башын жанча тепкилеген ушул акмак да.
+8
bema_bema
2019-09-03 13:37:28
Ужаас,коруп алып жаман болдум.Байкуштарды укмуш эле топту тепкендей тээп ойноптур,топту дагы жыртылып калат деп тебет адам.Ушуну жогорку жактагылар конул буруп акыйкат сот болсун соттор акчага алданбай.
+3
bond02
2019-09-03 14:11:55
Кармай элекпи буларды?
+2
Bars88
2019-09-03 14:57:00
bond02,Ошондо эле кармаптыр деп Сыктывкар го башка сайтта.Бирок Чуй областык милициялары келип суйлошуп алып кетишиптир деп окудум.Аларга иш козолуптур тууганы имиш
+1
Nurik929394nur
2019-09-03 16:05:53
Болот екенго аты суротту полныйеле айтса н б к д дейт еленер
+6
Jadyrashka
2019-09-03 17:32:52
Экөө ага ини тааныймын экөөнү тең, жакшы эле адамдар болчу.
-4
ilgizk
2019-09-03 20:43:24
Jadyrashka,жакшы адамдар айбандарданда мыкаачы болот беле!
+1
Jadyrashka
2019-09-03 23:11:26
ilgizk,ошо мындай экендерин билбепмин деп тан калып жатам да.
0
taalay25
2019-09-03 19:21:29
Кебетерди урайын арам олуктор
+4
Kanykei_95
2019-09-03 23:06:08
эмне себептен уруптур,видеону көрбөдүм,чынынында корктум көргөндөн жүрөгүм оорубасын деп
+2
alive
2019-09-04 00:21:03
Жабырлануучу бала отуп бара жатса канатынды жайбай басчы деп оздору тийишиптир. Радиодон жакын тууганы безилдеп жатат. Беш кундон бери былк этпептир ИИМ, качан СМИ де соз боло баштаганда бугун ишти карап баштады дейт. Черныйларбыз, арыз жаза албайсынар деп дагы коркутушуптур. Тиги экоо бир туугандар, Таластын Бейшекесинен болот экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан