Бишкектеги Жал кичи районундагы үрөй учурган мушташтан кийин жерине милиция кызматкерлери келип, ур-тепкиге алгандар менен учурашкан видеосу жарыяланды.
Анда жабырлануучулардын эс-учу жоголгончо тепкилегендер менен патрулдук милициянын унаасынан түшкөн кызматкерлер учурашып, бир нече мүнөт сүйлөшүп турушкан. Андан кийин шектүүлөр унаага түшүп милиция кызматкерлери менен кеткенин көрүүгө болот. Белгилүү болгондой, шектүүлөр жабырлануучулардын үстүнөн арыз жазышкан.
28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Шектүүлөрдүн аты-жөнү 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жигиттер деп аныкталып, аларды табууга Бишкек ШИИББи жардам сурап жатат. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө 39-130 (адам өмүрүнө кол салуу) беренеси менен кылмыш иши ачылган. Эки жабырлануучунун абалы учурда оор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан.
Шектүүлөрдүн биринин тууганы милиция кызматкери болуп иштей турганын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев тастыктады.