Бишкектеги Жал кичи районунда үрөй учурган мушташка шектелип жаткан Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков кармала элек. Учурда сотко чейинки ачылган өндүрүш ишинин алкагында ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп жатат. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.
Окуянын чоо-жайы:
28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Шектүүлөрдүн аты-жөнү 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жигиттер деп аныкталып, аларды табууга Бишкек ШИИББи жардам сурап жатат. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө 39-130 (адам өмүрүнө кол салуу) беренеси менен кылмыш иши ачылган. Эки жабырлануучунун абалы учурда оор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан.
Ал эми издөөгө жарыяланган шектүүлөрдүн биринин тууганы милиция кызматкери болуп иштей турганын ИИМ башчысы билдирген.