Батукаевдин иши боюнча суракта Рысалиевдин жүрөк оорусу кармадыбы? Депутаттын жообу

Интернетке депутат Зарылбек Рысалиев Азиз Батукаевдин иши боюнча суракта жүрөк оорусу кармап жыгылыптыр деген маалымат жарыяланды.

Зарылбек Рысалиев SUPER.KG порталына билдиргендей, ал суракка кечээ, 15-майда барганын айтты. "Жыгылбай эле, жакшынакай отурам. Учурда жанымда 5-6 киши отурат. Суракка кечээ күнү барып келдим", - дейт ал.

Жогорку Кеңештин жыйынында ал бул маселени көтөрдү. "Мен жүрөк оорусу кармап өлүп кала тургандай жөнөкөй киши эмесмин. Тирүүмүн, жакшынакай эле жүрөм. Отуруп тур десеңер отуруп-турайын, отжимание кыл десеңер отжимание кылайын", - дейт депутат.

2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып, "мыйзамдагы уурунун" иши январдан баштап кайра каралып жатканын билдирген. Маалыматта белгилүү болгондой, Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти Башкы прокуратура кайра карап, андан ары улантуу үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берген.

Азиз Батукаев түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен чуулуу окуя учурунда Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Ruslan-bel-oruk
2019-05-16 14:54:37
Ушуну камаш керек Абулоо юсуповту да колдоп жургон убагын да
+12
Mikra
2019-05-17 00:46:45
Ruslan-bel-oruk,туура айтасын Зарылбек убагында баарын зар какшаткан камаш керек срочно убагвнда ППСте сержант болуп журуп ХХХХ ХХХХ моминтип депутат болуп отурат пысмыйып.
+1
taalay25
2019-05-17 02:06:07
Mikra,ППСте сержант болуп иштегенби?
+1
Sahka
2019-05-16 15:27:55
Кучу жеткенин камап, жетпегенин суракка алымыш болуп кеот да. Анык жеп жуткандарды камай албайт коо. Баары бир казандан жутуп журушсо. Карга карганын козун чукубаайт.
+3
tachkomur
2019-05-16 17:57:56
Кантип тергоочулор билбейт жонокой адам деле билет ушул чыгарганын
+7
Agayu
2019-05-16 18:31:04
Ушулардын заманы отту да , каалашынча жэйт , жоопко тартылса ооруп калат .
+7
kazakov1991
2019-05-16 23:15:33
атка минерлердин баары журок оорулуу окшойт эми бийликке келгендерди медициналык кароодон откоруп анан жумушка алыш керек болуп калды карап косом соо атка минер жок окшойт
+2
Chungyz
2019-05-17 05:13:55
Парламент мультфильм болуп калган турбайбы
+2
bessmertiy
2019-05-17 08:58:57
Текебаевди эмне эле баатыр кыласыңар, ал кылмышкер. Анын орду түрмөдө деп бакылдар табаасы канып жүрөт эле. Эй Зарылбек Текебаевдин чыпалагына тең келе аласыңбы?
+6
TARNADO
2019-05-17 09:05:51
Ушул кантип депутат болуп олтурат
+3
buran12
2019-05-17 11:03:12
Карга карганын козун чукубайт!
+1
Alinur96kg
2019-05-17 13:19:54
Бул азыр соомун деп атат, камалгандан кийин журок оорум бар болчу деп чыгат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан