Бишкектеги Жал кичи районундагы үрөй учурган мушташта жабырлануучуларды сабагандар кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирген.
Ал эми шектүүлөрдүн кармалганы боюнча видео интернетке тарап, талкууга алынды. Видеодо шектүүлөрдүн бири Жаныбек Бапышов жактоочусу менен башкы башкармалыкка 6-сентябрда таңкы саат 04:07де келгенин көрүүгө болот. Андан кийин экинчи шектүү Калысбек Сейитбеков саат 05:12де Бишкек ШИИББинин имаратына өзү келген. Алар жактоочу менен башкармалыктын кеңсесине кирип, токтом менен таанышышкан.
Видео тарагандан кийин Динар Турдугулова аттуу журналист социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
"Эки зөөкүрдүн Бишкек ШИИББине өздөрү келгенине Жалбырак ТВ - Сентябрь каналынын эч кандай тиешеси жок. Кечээ, 5-сентябрда митинг, маалымат жыйындар болуп жаткан маалда эле шектүүлөрдүн жактоочусу Динара Медетова бизге издөөдө жүргөндөрдү түн жарымда шаардык ички иштер башкы башкармалыгына алып келерин кабарлады. Ал эми издөөдөгү шектүүлөр өздөрү келеринен милиция кабарсыз болгон.
Жактоочу "түн жарымында келебиз" дегени менен саат канчада келерин биз билген жокпуз. Биздин жигит Зарылбек Шермаматов 5-сентябрда түнкү саат 11:00дө эле башкармалыкка барып таңга дейре күтүп отурганын билесиңерби? Жөн эле сүйлөй бергенден алыс болсок...".